11-ноябрь күнү Ош-Араван унаа жолунун 16 метринде жер көчкү катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жер көчкүнүн көлөмү 1125 метр кубду түзгөн. Жолду тазалоо иштерине Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жол башкармалыгы тартылып, кечке жуук унаа жолу толугу менен ишке берилген.