Нарын. Эркин күрөш боюнча өкмөттүн өкүлүнүн кубогуна Нарын шаарынын командасы ээ болду
Нарын райондук балдар
спорт мектебинде эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын
облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
кубогу үчүн 2 күндүк мелдеш болуп өттү. Мелдешке 11 жаштан 16 жашка чейинки кыз-уландар катышышты.
Жалпы катышуучу балбандардын саны 286 жана алардын ичинен 29у кыздар. Мелдештин
жыйынтыгы командалык болуп чыгарылып, кубокту Нарын шаары жеңип алды. Ошондой эле
2-орунду Нарын району, 3-орунду Ак-Талаа районунун “Тайлак” спорт клубу ээледи. Ал
эми 1-орунду ээлеген 13 улан 13 түстүү сыналгы, 2-орунду алган чоңураак салмактагы
балдарга DVD-ойноткуч жана төмөнкү салмактагы балдарга спорттук бут кийимдер,
3-орунду камсыз кылган 26 бала спорттук
сумкалар менен сыйланышты. Кыздардан алтоо 1-орунду камсыз кылып 2 сыналгы, 4
DVD-ойноткуч, 2-орунду алган 6 кыз DVD жана
3-орунду 12 кыз камсыз кылып спорттук сумкаларды белекке алышты.