Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук аскердик комиссариатында “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамынын талаптары аткарылбагандыгы аныкталды. Бул тууралуу 21-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган аскердик комиссариатынан 2014-жылы бир нече жаранга альтернативдик кызмат өтөгөндүгү тууралуу аскердик билет берилген. Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмачылык", "документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу" фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө жүрүүдө.