Ысык-Көлдө автокырсыктан эки унаа өрттөнүп, бир адам каза болду
9-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунда кичиавтобус жана жеңил унаа кагылышып, жыйынтыгында бир адам каза болду. Кырсык эртең менен Бостери-Булан-Сөгөтү унаа жолунда катталып, катуу кагылышуудан улам эки унаа тең толугу менен күйүп кеткен. 1983-жылы туулган жеңил унаанын айдоочусу Мирлан Кичимолдоев окуя болгон жерден каза болсо, кичиавтобустун айдоочусу Н.Атантаев жаракат алып, ооруканага жеткирилген.