Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) Кыргыз Республикасынын жаранынын өмүрүнө кол салган жергиликтүү тургун камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жарым жыл мурун Бириккен Араб Эмираттарынын 37 жаштагы жараны мас абалында бейтааныш айымга кол салган. "Полиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү окуя болгон жерден кармашкан. Дубай эмиратынын биринчи инстанциядагы соту аны камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Мындан тышкары сот алкоголдук ичимдиктерди ичкени үчүн аны 2 миң дирхам (болжол менен 41 300 сомго барабар - SUPER.KG) айып пул төлөөгө милдеттендирди",- дешти Консулдук кызматтан.
"Кыргыз Республикасынын жараны болгон жабырлануучу айым өзү жөнүндө жеке маалыматтарды жарыялабоону суранган. Ал учурда Дубай шаарында турат жана соттун чечимине макул",- деп белгилешти аталган кызматтан.