11-ноябрда Жалал-Абад облустук "Момбеков" чек ара кызматынын аймагында УКМКнын райондук кызматкерлери тарабынан контрабандалык товар ташуучу жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын пресс кызматы маалымдады. УКМКнын кызматкерлери тарабынан алынган товардын жалпы суммасы 164 миң сомду түзөт.