Панфилов районунда 23 жаштагы айдоочу даракты сүзүп, оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Кара-Балта - Чалдыбар унаа жолунда орун алган. Анда Субару Легаси үлгүсүндөгү унааны башкарган 23 жаштагы А.Кудайбергенов рулду башкара албай жол боюндагы даракты сүзгөн. Натыйжада ал оор жаракаттарды алып, оор абалда Кайыңды шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө "Тез жардам" аркылуу жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.