Жылнаама, 31-январь: Мындан 105 жыл мурун болгариялык элдик дарыгер, атактуу көзү ачык Ванга туулган

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынган чечимдин негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулаймановдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Буга депутаттын Жогорку Кеңештин сессияларына 30дан көп жолу катышпаганы себеп болгон.
Маалыматтарга караганда, депутат 2012-жылы жүрөгүнө операция жасатуу үчүн өлкөдөн сыртка чыгып кеткен бойдон Кыргыз Республикасына келген эмес.

* Мындан 105 жыл мурун, 1911-жылы болгариялык элдик дарыгер, атактуу көзү ачык Ванга (чын аты-жөнү Вангелия Пандева-Гуштерова) Болгарияда кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Кайсы мезгилден тартып ал көзү ачыктык кыла баштаганын эч ким так айта албайт. Ванганын касиети акырындык менен байкала баштаган. Окумуштуулардын эсеби боюнча Ванга касиетинин пайда болгон мезгилинен тартып акыркы күндөрүнө чейин (55 жыл) миллиондон ашык адам көргөн. Элди көрүп, сакайып кетишине жардам бергени менен, өзүн өзү такыр дарылаган эмес. Акыркы күнүндө ал жээнинен бир чыны суу, бир үзүм нан сурап жеген. Андан соң аны жуунтуп коюусун суранып, "мына эми даяр болдум" деген экен. Эртең мененки саат 9дарда ата-бабасынын арбактары келгенин айтып, 1996-жылы 10-августта саат 10до бул дүйнө менен кош айтышкан.

* Мындан 19 жыл мурун, 1997-жылы "Кургандык терминатор" каймана аттуу орус киллери Александр Солоник Грецияда өлтүрүлгөн. 1983-жылы СССРдеги КГБ атайын “В” жашыруун башкармалыгын түзгөн. Бул башкармалыктын негизги максаты атайын даярдыктагы кызматкерлерди даярдоо жана аларды баңгизат мафиясынын өкүл­дөрүн жоготуу үчүн пайдалануу болгон. СССР тарагандан кийин алар өз алдынча болуп кетишкен. КМШнын алкагында атактуу болгон Александр Солоник так ошол кызматкерлердин катарынан чыккан.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы франциялык веложарышчы Робер Маршан 100 жаштан ашкан спортчулар арасында дүйнөлүк рекорд койгон. Ал 102 жашта экенине карабай саатына 27 чакырым аралыкты басып өткөн. Маршандын айтымында, ал өзүн бул жыйынтыктан кийин жакшы сезген. Бирок бул көрсөткүчү аны толук канааттандырган эмес. Маршан 100 жашынан өткөндөн кийин велоспорт менен профессионалдык түрдө алектенген тарыхтагы жалгыз спортчу болгон.

31-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан