Борбор калаада коомдук автобус жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 12-март күнү саат 06:50 чамасында болгон. Анда №42-автобусту башкарган айдоочу Дэн Сяопин жана Месарош көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу окуя болгон жерден көз жумган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.