Нарын. Шаардагы спорт мектебинин машыгуу залынын ачылышы болду
Бүгүн
Нарын шаарындагы С.Бекманбетов атындагы олимпиадалык спорт мектебинин машыгуу
залынын ачылышы болуп өттү.
Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз
кызматы билдирет. "2010-2011-жылдары олимпиадалык спорт мектеби машыгуу залын
куруу үчүн 1 миллион 422 миң сомдук грант утуп алган. Гранттын өздүк салымы 150 миң сом болсо, шаардык мэрия тарабынан
75 миң
сом акча каражаты жергиликтүү
бюджеттин эсебинен бөлүнүп
берилди дейт",- шаардык олимпиадалык спорт мектебинин башчысы К.Бошубеков.
Машыгуучу залдын ачылышына келген өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү К.Муратбеков үй-бүлөсүнүн атынан 5000 долларлык заманбап
спорттук жабдууларды белек кылды.