Шашылыш билдирүү! Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрөт

"Кыргызгидрометтин" маалыматына ылайык, 18-19-апрелде Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаайт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрүүсү мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийликтерден өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күч-каражаттарын жогорку даярдыкта кармоону талап кылат жана калктан сел агымдарын коопсуз өткөрүү боюнча арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүүнү өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KUDASH_brat
2016-04-17 17:45:08
Кудай сактасын!
+3
mustai
2016-04-17 20:18:23
Аллахым озун сактай кор, баары пенденин пейилине жараша болуп жатат, адамдар ойлонолу!
+1
altyn2015
2016-04-17 20:57:42
Жамгыр катуу жаайт окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан