Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына агып кеткен 2 баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-июнь күнү саат 16:31 чамасында Ак-Буура дарыясына 10 жана 13 жаштагы эки бала агып кеткен. 13 жашар баланын жансыз денесин туугандары кыргыз-өзбек чек арасындагы торчодон таап чыгышкан. Ал эми 10 жашар баланын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылганына байланыштуу алып чыгуу иштери бүгүн жүргүзүлөт.