Нарында 6 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 21-июнь күнү саат 15:00 чамасында Нарын районунун Бейше-Булак айылында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 6 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде эки сааттан соң качып кеткен айдоочу кармалган. Учурда ал камакка алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.