Баткен районунда айыл өкмөтүнүн кызматкерлери “кызмат абалынан пайдаланган” деп шектелишүүдө

Баткен облусунда айыл өкмөтүнүн кызматкерлери “кызмат абалынан пайдаланган” деп шектелишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жасалма документтердин негизинде айдоо жери үчүн берилген ижара акысын өздөрүнө чегерип алышкан.

Учурда “кызмат абалынан пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Баткен облустук прокуратурасы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Durdana
2016-06-22 18:46:42
чайырчыларбы ошондо
0
Durdana
2016-06-22 18:47:12
карабактабы чайырчылар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан