Ошто каналга чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Ошто Араван-Ак-Буура каналына чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-июнь күнү саат 19:50 чамасында Араван-Ак-Буура каналына 6 жаштагы бала чөгүп кеткен. Ошол эле күнү аны издөөгө 15 куткаруучу тартылып, бүгүн эртең менен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылган. Учурда анын денеси Ош шаардык милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Elmar
2016-06-24 12:14:51
Эээ тообаа жапжаш наристелер((((бир айдын ичинделе сууга чогуп канча адам коз жумду кундо бирден экиден сууга чоккон адам ((этият юолгулачы сактанганды сактайт(((((
+1
stervella415
2016-06-25 20:10:43
Ииии кополок десе....мен да 6 жашымда каналга агып кеткем..азыр кудайым менен кошуна байкеге Абдан ыраазымын,азыр кудайга шугур 23 ко келдим,Ошо кунду естесем азырда журогум шуу дейт,ошондон бери суудан да корком,колго да тушо албайм елдей болуп,есимде каналдан чыккандан кийин маам уйго чон тазике отургузуп алып киринткени балырларды алып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан