Бишкек шаарынын Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн себептери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт саат 20:35 чамасында башталган. Аны өчүрүүгө 11 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, дээрлик 7 саатта толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 13 кабаттуу №190-үйдүн 3000 чарчы метр жыгач устундуу, черепица менен жабылган чатыры толугу менен жана 13-кабаттын батирлери, эшик-терезелери, үй эмеректери күйгөн. Өрт учурунда каза тапкандар жана жабыркагандар болгон эмес. Учурда батирлердин ээлери жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.