Бишкекте "дүкөндөн 120 миң сом уурдаган" деген шек менен 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча арызды Бишкек шаарынын 37 жаштагы И.В. аттуу тургуну жазган. Ал арызында Р. аттуу жаран Кулатов көчөсүндө жайгашкан "КМА" ЖЧКнын дүкөнүнөн 120 миң сом уурдап кеткенин айткан. Кылмыш иши боюнча иликтөөнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүп, 35 жаштагы Б.Р. колго түшкөн. Иш тергөөгө өткөрүлүп берилди.