15 килограммдан ашык баңгизат менен кармалган жарандын соту 5-июлга жылдырылды

15 килограммдан ашык баңгизат менен кармалган жарандын соту 5-июлга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү Асатулло Мирабдуллаев 2014-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында 15 килограмм 590 грамм баңгизат менен кармалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иш Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн. 2016-жылдын 26-июнуна белгиленген сот отурумуна жактоочу ооруп жатканына байланыштуу келген эмес. Мындан улам сот процесси 5-июлга жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_S
2016-06-27 13:17:51
Менде бир ой пайда болду да. Сотту эмне себептен ар дайым жылдыра берет?
Мүмкүн соттор акча күтөт, качан берет болду экен деп. Же акча таап келгинче сотту жылдырып турабы ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан