Ошто унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.Б. кармалды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.