Селден улам зыянга учураган Арал-Миң-Куш унаа жолу калыбына келтирилди

Селден улам зыянга учураган Арал-Миң-Куш унаа жолу калыбына келтирилгенин 28-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-июнь күнү саат 20:30 чамасында Жумгал районунда катуу жааган жамгырдан улам Арал-Миң-Куш унаа жолунун 14-18-чакырымдарында сел жүрүп, кум-шагыл аралашмасы жолду тороп калган. Анын кесепетинен унаа каттамы үчүн жол жабылган. Бүгүн эртең менен 1 грейдер тартылып, жол калыбына келтирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан