Стамбулда кыргыз паспорту менен кармалган эки адам боюнча жаңы маалыматтар бериле элек

Стамбулда кыргыз паспорту менен кармалган эки адам боюнча жаңы маалыматтар бериле элек. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Түркиядагы Кыргыз Республикасынын консулу Руслан Молдакунов билдирди.

Түркияда 10-июлга чейин майрам болгондуктан, ал эки адам боюнча жаңы маалыматтар бериле элек”,- деди консул.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди: “Биз кечээ түркиялык маалымат каражаттарынан бул кабарды окуган соң, Түркиядагы консулдукка кат жолдодук. Ал жактан жооп келе элек. Аты-жөнүнүн баш тамгаларына караганда, алар кыргыз улутундагылар эмес”.

Айта кетсек, 3-июлда Украинадан учуп келген 25 жаштагы К.В. жана 35 жаштагы Ф.М.И. аттуу эки адам “Ататүрк” аэропортунда текшерүүгө алынган. Алардын сумкасынан аскер кийимдери, дүрбүлөр жана 3 кыргыз паспорту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр табылган. Ал эми кармалгандардын биринде Орусиянын жана Кыргыз Республикасынын паспорту болсо, экинчисинде Кыргыз Республикасынын паспорту болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KGstan1981
2016-07-05 13:40:45
Жанагы базарда момо жемиш саткандар Подходи народ свой огород половина сахар половина мед.Дегендей биздин коррупционер чиновниктердин артынан кыргыз паспорту на расхват болуп кеттиго уят.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан