Оштогу аэропорттон 16 жаштагы кыз башка адамдын документи менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-июль күнү 16 жаштагы К.Г. аттуу кыз “Ош-аэропорт” көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылар тарабынан кармалган. Ал башка кызга тиешелүү туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен Ош-Москва каттамы аркылуу Орусияга кетүүнү көздөгөн. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган кыз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.