Борбор калаада алдамчылыкка шектелген шаар тургуну кармалды

Борбор калаада алдамчылыкка шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы Т.М. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 19-июнда саат 11:30 чамасында Туңгуч кичи районунан Б. жана Э. аттуу жарандар анын ишенимине кирип, 25 миң сомдук ноутбугун алып кетип калышканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Бишкек ШИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 20 жаштагы А.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman-moskva
2016-07-06 16:58:16
Ушуго окшогон жанылыктар кобойду го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан