"Ош-Бишкек унаа жолунда айдоочуну тапанча менен коркутуп 300 миң сом акчасын тартып алган" деген шек менен 3 жаран кармалды

"Ош-Бишкек унаа жолунда айдоочуну тапанча менен коркутуп 300 миң сом акчасын тартып алган" деген шек менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү милицияга арыз менен Ош облусунун 1982-жылы туулган А.И. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарына бараткан учурда Ош-Бишкек жолунун 560-чакырымында мамлекеттик номуру жок унаа аркасынан кууп келип токтотуп, белгисиз адамдар тапанча менен коркутуп 300 миң сом акчасын тартып алып, уюлдук телефонун сындырып качып кетишкенин билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган Д.А. аттуу тургуну, Сузак районунун 1994-жылы туулган М.А. жана Жалал-Абад шаарынын М.Ж. аттуу тургуну кармалган. Андан сырткары шаардагы имараттардын биринен темир челектин ичине катылган 4 даана мылтык, 4 огу бар 1 даана тапанча алынган. Алынган куралдар тиешелүү экспертизага жиберилип, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
take.kg86
2016-07-06 19:02:12
Арам акча эч качан буйурбайт, баарибир тешип чыгат.
+2
nurchik05
2016-07-06 21:56:39
Жаш эле болуп оной акчага конгонун
+3
Nurkyz1977
2016-07-06 22:55:11
Аш жесе ашка, иштесе ишке тойбой турган кайран гана кулгун курак ай,туура жолдон адашпагыла кийин ата болуу бактысы буйруганда балдарынарга кандай тарбия бересинер?заманыбыз тынч болуп ниети пейили бузуктан сакта баарыбызды адашкандардын жолунан сакта. Жараткан озун корго.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан