Жалал-Абадда 20 жаштагы баланы төртөөлөп бычактагандар кармалышты

Жалал-Абад шаарында 20 жаштагы баланы ур-токмокко алып бычактагандар кармалышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 4-июлда саат 15:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Асел” фотосалонунун тушунда Сузак районунун Ынтымак айылынын 1996-жылы туулган тургунун 4 бейтааныш бала уруп, көкүрөк тарабына бычак сайып, денесине жаракат келтиришкен. Жабырлануучунун ден соолугу канааттандырарлык.

"Бул окуя боюнча Жол-патрулдук милициясы кылмышка шектүү болгон жарандарды изин суутпай кармаган. Алар 1997-1998-жылы туулган Жалал-Абад шаарындагы Спутник шаарчасынын тургундары экендиги аныкталган. Ыкчам иштер уланууда", - дешти ОИИБиден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baltabaev
2016-07-07 10:32:35
Молодцы
-1
z0lyshk0
2016-07-07 11:34:29
baltabaev,эмнеси молодцы ? Келечекти умуттондургон жаштардын бели бешиктен чыга элек бычакташканыбы?
0
bom.bon
2016-07-07 12:09:01
z0lyshk0,изин суутпай кармагандар молодцы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан