Борбор калаада "кардарын ур-токмокко алган" деген шек менен чачтарачтын ээси кармалды

Борбор калаада "кардарын ур-токмокко алган" деген шек менен чачтарачтын ээси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 37 жаштагы А.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 6-июль күнү саат 16:00 чамасында "Ош базарындагы" чачтарачтардын биринен анын ээси себепсиз уруп, денесине залал келтиргенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 45 жаштагы О.Р. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kalemkash
2016-07-07 14:35:55
Ээххх...качан тейлоо кызматтарыбыз онолот. Адамдарга сылык мамиле жасап кардар топтоонун ордуна сабаса дагы акчасын алуу керек деген тушунукбу буларда?!
0
Rifle_S
2016-07-07 15:50:19
Kalemkash,Ош базар деп турат го.
-6
KGstan1981
2016-07-07 16:43:55
Kalemkash,Туура айтасын биз кыргыздар озу гопол эл экенбиз.Кызыл-Кыяда Золотой мостко барсан ал жерде тажик улутундагылар тейлеп турушат.Энкейишип кыргыздарга кыргызча орустарга орусча сылык мамиле жасашат Кош Келиниздер сиздерге эмне керек деп айтып турушат тазалык жагыда беш деген баага татыктуу.Ал эми Апшыр-Атага барсан ал жерде кыргыздар тейлешет корс мамиле жасашат,тоготушпайт б.а. самообслуживание анан дагын таза кармашпайт.Капа болбогула бирок бул ачуу чындык.
+1
Izdeim_seni.
2016-07-07 14:59:26
Эмне эле баары эле себепсиз сабап калышты бири бирин. Бир себеби бар го,кантип эле жон турган эмени сабасын.
+1
Nurkyz1977
2016-07-07 15:09:37
Izdeim_seni.,туптуура
0
Rifle_S
2016-07-07 15:51:04
Izdeim_seni.,көңүлүнө жакпагандай кылып кести чачын, кардар сүйлөндү. Тиги уруп салды.
+2
djigit90
2016-07-07 16:00:30
Rifle_S,хаха
0
Futuro
2016-07-07 22:58:01
Экөөнүн бүрөө 100грамм ичип алган явно. А то эки соо адам оңой менен чырдашпайт.
0
rayimo
2016-07-08 11:35:14
Клиенттердин ар кандайы болот чыдамдуу болуу керек жакшы сылык сыпаа мамиле жасоо керек.Бул кырдаалда кимиси чыр баштады? биз билбейбиз Негизи лысый эле шыпыртып таштасаң эч чатагы жок акча төлөп кебетңди бузганча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан