Сот Нурлан Мотуевди СИЗОдо кармоо убактысын дагы 2 айга узартты. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 6-июлда чыгарган.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү коомдук ишмер Нурлан Мотуев “согуштук аракеттерге үндөгөн” деген шек менен камакка алынган. Буга анын 12-май күнү “Элдик парламенттин” өкүлдөрүнүн жолугушуусунда сүйлөгөн сөзү себеп болгон. Анда Мотуев кыргыз жарандарын Сирияга барып согушууга үндөп, тыюу салынган террордук топтун мүчөлөрүндөй жашоого чакырган.
Ошондой эле Биринчи Май райондук соту “бийликти басып алууга аракет жасаган” деп камакка алынган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековду СИЗОдо кармоо убактысын да 2 айга узартты. Алар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча март айында кармалышкан эле.