Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-июлда Жогорку Сотто Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Жолдош Атабаевдин иши каралган. Анда соттук коллегия Ош облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
Айта кетсек, буга чейин Ош облустук соту Жолдош Атабаевди күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кол алында иштеген кызматкерлерден пара талап кылып келген.