Кытайдагы суу ташкынынан улам жүз миңдеген турак жай суу алдында калды. Чет элдик маалымат агенттиктери тараткан маалыматка караганда, суу ташкынынан Кытай Эл Республикасынын Гуанси, Хунань, Хубэй, Сычуань жана Хэнань провинциялары көп зыянга учураган. Жалпы 1,5 миллион адам эвакуацияланып, 200дөн ашык адам каза тапкан. Ошондой эле Хунань провинциясындагы 3,5 миң гектар айыл чарба аймактарын суу каптаган. Суу ташкынынын келип чыгышына бир нече күн бою тынымсыз жааган жамгыр себеп болгон. Азырынча келтирилген чыгымдын 7 миллиард доллардан ашканы айтылууда.