Бишкек-Ош унаа жолунда шагыл аралаш таш түшкөн жер толук тазаланып бүттү

Бишкек-Ош унаа жолунда шагыл аралаш таш түшкөн жер толук тазаланып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-июлдан 7-июлга караган түнү Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында жаан-чачындын кесепетинен болжол менен 10 миң метр куб шагыл аралаш таш түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Кара-Көл шаардык жол-тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, саат 02:30 чамасында жол каттамы бир тараптуу ачылса, саат 16:30да жол толук тазаланып бүткөн. Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Айта кетсек, кечээ "ЭЛДИК КАБАРга" окурман кайрылып, Бишкек-Ош унаа жолунун 410-чакырымында жол кыймылы токтоп, унаа тыгыны жаралганын айткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан