Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында унаалар чектөө менен өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында ылай аралаш калдыктар жолду каптап калган. Учурда тиешелүү ишканалар тарабынан жолду тазалоо иштери аткарылууда, 3 инженердик техника тартылган. Унаалар кезек-кезеги менен өткөрүлүп, МАИ кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынган жана ӨКМнын ыкчам тобу ошол жерде жүрөт. Аталган чакырымда биринчи жардам көрсөтүү кызматы тартылган. Белгилей кетсек, аталган жол КРнын Транспорт жана жол министрлигинин карамагында турат, тиешелүү техникалар иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.