Багдад шаарынын түндүгүндөгү жардыруудан 35 адам каза тапты

Багдад шаарынын түндүгүндөгү жардыруудан 35 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда чет элдик маалымат агенттиктери Ирактын күч органдарына шилтеме берүү менен жазышууда.

Маалыматка караганда, жардыруу кечээ шииттердин сыйынуучу жайында катталган. Анда алгач сыртта токтоп турган унаа жарылып, андан соң куралчан адамдар сыйынуучу жайдын ичиндеги адамдарды аткылашкан. Мунун кесепетинен 35 адам каза таап, 100гө жакын адам жабыркаган. Жардырууну “Ислам мамлекети” террордук тобу өз мойнуна алган.

Айта кетсек, буга чейин кош жардыруу 2-июлдан 3-июлга караган түнү Ирактын борбору Багдад шаарында орун алган. Жардыруулардын алгачкысы мусулман шииттери чогулган диний борборго жакын жерде болсо, экинчиси Багдаддын түндүк тарабындагы “Аш-Шааб” базарында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
leilekstan_1987
2016-07-08 13:49:13
Шииттерда, ислам терисин жамынган террористтер.да мусулман эмес. Окунучтуусу бир мамлекеттин кызыкчылыгы учун куноосуз адамдар олуп атат!!
0
marqarita
2016-07-08 13:52:28
Бул "Ислам мамлекети"балее болду го эч бир мамлекетттердин алы жетпей,акыры дуйнону кырып туготот окшойт.Эмне эле дуйно жузу унчукпай карап олтурушат эч тушунбойм биргеликте чогулуп бир чарасын корсо болбойбу дейм да.Эми Рооссияга чабуул койгону даярданып жатышат имиш го,кудай эле сактасын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан