Борбордо "жаранды сабап, бычак менен коркутуп 35 миң сом, 2 миң доллар акчасын алган" деген шек менен Чүй жана Бишкектин тургундары кармалды

Борбордо "жаранды сабап, бычак менен коркутуп 35 миң сом, 2 миң доллар акчасын алган" деген шек менен Чүй жана Бишкектин тургундары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Баткен облусунун 35 жаштагы О.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 2-июль күнү саат 11:00 чамасында Бишкек шаарынын Садыгалиев көчөсүндөгү ишканалардын биринен болжол менен 35-40 жаштагы белгисиз 3 киши аны уруп, бычак менен коркутуп 35 миң сом жана 2 миң доллар акчасын алып кетишкенин билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 35 жаштагы Т.А. жана Бишкек шаарынын 29 жаштагы М.К. аттуу тургундары кармалган. Ошондой эле кылмышка шектүүлөрдүн дагы бир каракчылык фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arslan12
2016-07-08 17:47:32
Катуу жаза бериш керек, булар дагы озунчо эле кылмыштуу топтун мучосу болуш керек, туп тамырынан бери жок кылыш керек.
+4
Araika
2016-07-08 18:41:15
Ушинтип тоноп жулуп качпай мандай тери м.н иштесе таттуу болмок!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан