Түркияда дагы бир жардыруу болуп, каза болгондордун бири кыргыз сакчысы экени айтылды

Түркиянын Хаккари провинциясында 9-июлдан 10-июлга караган түнү жардыруу болуп, 6 аскер каза тапты. Чет элдик маалымат булактарына таянсак, аскерлердин бешөөсү жардыруу болгон жерден, бирөөсү ооруканадан көз жумган. Жардыруу аталган провинциянын эки аймагын байланыштырган жолдо болгон. Айрым маалымат булактарында каза болгондордун бири мамлекет тарабынан каржыланган сакчы кыргыз экени айтылууда. Дагы 5 кыргыз сакчысы жаракат алып ооруканага түшкөн.

Түркия бийлиги бул жардырууга ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрд жумушчулар партиясын айыптоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2016-07-10 23:03:37
Аллахым озун сакта ,жаткан жайы жаннатан болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан