Ош шаарында үйүндө эки күн бою эс-учу жок абалда жаткан улгайган аял куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-июль күнү саат 06:55 чамасында Куткаруу кызматына "Түштүк-Чыгыш районундагы батирлердин биринин 1935-жылы туулган Нина Юдакова аттуу ээси 2 күндөн бери үйүнөн чыга элек” деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен көп кабаттуу үйдүн терезеси аркылуу кирип, жерде эсин жоготуп жаткан аялга биринчи жардамды көрсөтүп, ал эсине келген соң “Тез жардамдын” кызматкерлерине өткөрүп беришкен.