Ош. Ак-Буура дарыясына агып кеткен келинди куткаруу үчүн артынан сууга секирген 2 адам жана келин каза тапты, дагы 1 адам оор абалда

Ош шаарында Ак-Буура дарыясына агып кеткен келинди куткаруу үчүн артынан сууга секирген 2 адам жана келин каза тапты, дагы 1 адам оор абалда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 10-июлда саат 14:45 чамасында Төлөйкөн айылындагы “Жеткинчек” балдар лагеринин жанындагы Ак-Буура дарыясында орун алган. Анда дарыя жээгинде эс алып отурган Бактыбек кызы Нурайым сууга агып кетип, аялын куткарам деп Кыялбек Токтосунов дагы сууга аккан. Экөөнү куткарабыз деген ниет менен Тилек Ормонов жана Төлөгөн Сайдуллаев дагы сууга секиришкен.

КРнын ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Бактыбек кызы Нурайым, анын күйөөсү Кыялбек Токтосунов жана окуяга күбө болуп аларды куткарам деп каза тапкан Төлөгөн Сайдуллаевдин денелерин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми Тилек Ормоновду куткаруучулар оор абалда суудан алып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tima1211
2016-07-11 10:55:11
Жаман иш болду. жаткан жерлери жайлуу болсун. Тологон Сайдуллаев менин жээним болчу.
+7
Aman-moskva
2016-07-11 11:23:31
Жаман болуп тур сууга тушуш да апасный болуп калды
+5
Jooshbai
2016-07-11 11:28:05
ak buura owton az ele bolup agyp otot ele go,je baw jagynda suu koppu
+4
DAF-077
2016-07-11 11:51:26
кыргыздын патриот жигиттери жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун
+7
nuri_kerben
2016-07-11 12:33:18
Азыр жаан аявай коп жаап жатпайвы , суу улуулап калган убагы , уй булосуно сабыр берсин жаткан жери жайлуу болсун ...
+3
lolo.1
2016-07-11 13:47:35
Кече биздин достор айтып аябай кайгырып жатышкан.жаман иш болкптур
+2
admin_portal
2016-07-12 09:23:47
rejepova, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
Armanymsyz
2016-07-14 16:06:42
Нурайым эмес Нурпейил болчу.

Эхх, угуп алып дале озумо келалбайтам. Группалашым болчу, турмуш кургандарына 3 ай болойун деп аткан. Жаткан жеринер жайлуу болсун Нурпейил
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан