Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 51 жаштагы М.Ы. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 8-июль күнү саат 08:00 чамасында белгисиз адамдар анын үйүнө кирип 16 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Бишкек шаарынын 1-Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы Ж.З. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.