Бүгүн, 11-июлда Жогорку Сотто 2010-жылдын Июнь окуясына күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши каралууда. Алгач жактоочулардын өтүнүчү менен Төлөйкан Исмаилова коомдук жактоочу катары соттук процесске катышууга мүмкүнчүлүк алды. Судья-баяндамачы каралып жаткан ишти тааныштырган соң, жактоочу Нурбек Токтакунов сот БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чыгарган чечимин таанып, аны аткарышы керек экенин баса белгиледи.
"Биз эл аралык келишимдерди аткарышыбыз керек, болбосо ишенимсиз өнөктөш катары аталып калабыз", - деди Токтакунов.
Соттук коллегия ордунан кеңешип, ишти саат 15:00гө жылдыруу чечимине келди.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Жогорку Сот болсо Азимжан Аскаров арыз жазса, жаңы жагдайлар боюнча иш кайра караларын билдирген.