2010-жылдын Июнь окуясына күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кароо 12-июль, саат 10:00гө жылдырылды. Буга жабырлануучулар келбей калганы себеп болду.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Жогорку Сот болсо Азимжан Аскаров арыз жазса, жаңы жагдайлар боюнча иш кайра караларын билдирген.