Бишкекте “Хизбут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-июль күнү Аламүдүн районунун жашоочусу Ж.Сейитбековдун үйү текшерүүгө алынган. Анын негизинде диний-экстремисттик чакырыктарды камтыган ар түрдүү китептер, дисктер, баракчалар табылган. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголгон.