Кытай Эл Республикасынын Фуцзянь провинциясында орун алган Непартак тайфунунан 9 адам каза болуп, 18 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чоң суунун көлөмү кичи шаарларды толук жок кылып, жалпы 450 миң адам жабыркаган. Аталган аймакта миңдеген үйлөр жок болуп, 11 миңге жакын үй зыян тарткан. Натыйжада 200 миңге жакын адам коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Азыркы тапта аскер кызматкерлери жана өрт өчүрүүчүлөр кырдаалдын кесепеттерин аныктоого тартылганы маалым.