Бишкектеги жаңы конуштардын биринен 39 жаштагы аялды күйөөсү сабап, бычак менен денесине көптөгөн жаракат келтирген

Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринен 39 жаштагы аялды күйөөсү сабап, бычак менен денесине көптөгөн жаракат келтирген. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июлда саат 17:38де "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө "Ак-Жар жаңы конушунда аял бычактан жаракат алды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер 39 жаштагы жабырлануучуну күйөөсү сабап, денесине бычак менен көптөгөн жаракат келтиргенин аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bazana
2016-07-12 15:35:26
Зоокур экенсинго тфу сага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан