Жайыл районунда катталган өрт кырсыгында 3 адам күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Новониколаевка айылындагы Зелёная көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен чыккан. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 100 чарчы метр бастырма, 1200 түк чөп жана КамАЗ үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Натыйжада 1996-жылы туулган К.Исмадияр далысынан, 1996-жылы туулган Р.Тахир далысынан, бетинен жана 1995-жылы туулган К.Исо колунан күйүк алган. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.