"Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайынан башка адамдын паспорту менен Стамбулга учууга аракеттенген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-июль күнү Бишкек-Стамбул каттамы боюнча №613-рейсти текшерүү учурунда 1989-жылы туулган Н.Г. аттуу кыз кармалган. Ал башка адамга тиешелүү паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөн. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал кыз УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.