Орусияда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда орусиялык маалымат агенттиктери жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ Саратов облусунун Ершов районундагы трассада болгон. Анда Казакстанды көздөй келе жаткан минивэн жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү каза тапкан. Ал эми беш адам ооруканага жаткырылган. Унаадагылардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары болушкан.