Башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-июль күнү 1987-жылы туулган К.Н. аттуу Кыргыз жараны башка адамдын паспортун көрсөтүп, коңшу Казакстандын аймагына өтүүгө аракет кылган. Ал “Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылар тарабынан кармалган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан