Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан 1,5 жаштагы бала кулап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө кечээ саат 13:35те "Л.Толстой көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан 1,5 жаштагы бала кулап кетти" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер бала башынан оор жаракат алып, кабыргалары, жамбаш сөөгү сынып жана көптөгөн жаракаттарды алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүлүп, ал тез арада ооруканага жеткирилген.