Борбор калаадагы кичи райондордун биринен 30 жаштагы жаран асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө кечээ саат 14:04тө "7-кичи райондо киши асынып алды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер болжол менен 30 жаштагы жаран белгисиз себептерден улам асынып алып каза болуп калганын аныкташкан.