Кыргыз-тажик чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 12:53 чамасында кыргыз-тажик чек арасында болгон. Анын очогу Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышты карай, Нура айылынан түштүк-батышты карай 48 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 140 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.