Парижде улуттук майрам - Бастилия алынган күндү белгилөө салтанатындагы майрамдык салюттан кийин Эйфель мунарасынын жанынан өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы кечээ Эйфель мунарасынан алыс эмес жерде орун алган. Анда майрамдык салюттар жүктөлгөн унаадан өрт чыкканы маалым. Окуянын күбөлөрү өрт башталгандан кийин алгачкы 10 мүнөт аралыгында 3 катуу жарылуу болгонун билдиришкен. Ал эми жергиликтүү бийлик Эйфель мунарасы өрттөнбөгөнүн билдирип, элди тынчтыкты сактоого чакырып, жалган маалымат таратпоого үндөгөн. "Бул жарылуулар аталган аймакта жүргөн миңдеген адамды коркутту. Өрт чыккан аянт элдин коопсуздугу үчүн алдын ала эле курчалган. Өрт аз убакыттын ичинде өчүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.